“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Арбын айылында жаратылышты коргоо жана көрктөндүрүү боюнча иш-чара болуп өттү

28 Октябрь 2014 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны: 129

Арбын айылында бак дарактардын азаюусу элди бир жагынан кейитсе,
жакында эле алардын санын көбөйтүү максатында 10 гектар жерге бадам эгилген.

image

Мунун негизги максаты жаратылышты коргоо жана ага кам көрүү. Анан дагы кырсыктардан сактануу үчүн, мисалы: бадамдын таамыры 10 метрге жеткендиктен ал жер көчкүдөн сактайт.

image

«Бул иш чара ПРООН тарабынан колдоого алынып ага Арбын айылынын тургундары катышышты»-деди айыл башчы Кайыпов Асан.

20141019_102031ц
“Бул бадамдар чоңойгондо анын мөмөсү кыргызстанга пайда келтирет ошондой эле Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берет”, -деди айыл тургуну Мамажунусова Айгүл эже.
image

Даярдаган:Азимова Нурзат