
Куу-майдан айылынын тургуну Кыргызстан жазуучулар союзунун мучөсү акын Акматали Абдикеримов учурда дагы деле ыр жазуу менен алектенип келет.Анын эң биринчи жарык көргөн китеби “Сагынткан ырларым” андан кийин “Сергей Есенин менен маек”, Кыш жомогу”,”Закым” деген китептери окурмандардын сүймөнчүлүгүнө татыктуу болуда.

Ноокат таңы гезитинде 25-жыл корректор жана зам ректор болуп иштеген.

“Менин чыгармачылык чойрөгө кирип калуумдун себеби адабиятты сүйгөндүгум ,адабий китептерге жакындыгым түрткү болду. Мен чыгармачыл чөйрөгө мектеп жашынан эле кирип ошол кезден эле ыр жазып баштагамын.Буга чейин төрт китебим жарык көрдү,бешинчи китебим эми басма канадан чыгып атат. Менин чыгармачылыгым жөнүндө азырынча улуу акындарга, чоң сынчыларга кабыла элекмин бирок жергилүктүү айылдаштар же болбосо менин китептерим жеткен окурмандар жылуу эле пикирлерди айтып жатышыт”,-дейт акын Акматали Абдикеримов

Учурда алты баланын он неберенин сыймыктуу атасы жана жубайынын күйүмдүү жолдошу.
Даярдаган:Баяман Тойчубай уулу