“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Арбын айылынын чыгаан көк бөрүчүсү

17 Январь 2015 жыл 14:13
Көрүүлөрдүн саны: 129

20150117_103644

Куу-майдандагы Арбын айылындагы өзү жаш болсо да көк бөрү менен алек болуп,көп ийгтиликтерге жетишип,туулуп өскөн айылынын атын Алайга даңкын далайга чыгарган Ысмайыл уулу Элчи дагы да ийгиликтерге жетишүүдө.

20150117_103613
Айылыбызда азыркы учурда көк бөрүчүлөр көбөйүп жаткандыктан алар жаштарга бош жүрбөй бир иштин үстүнөн чыгуусуна ошондой эле кыргыздын улуттук оюндарына болгон кызыгуусун арттырууда чоң өбөлгө түзүүдө.
Анын көк бөрүгө болгон кызыгуусу жаштайынан эле пайда болуп айылдагы көк бөрү оюндарына катышып, озүнөн улуу көк бөрүчүлөрдү көрүп кызыгуусу пайда болгон.

20150114_104940
Ысмайыл уулу Элчи көк бөрү оюндарына көп ирет катышып баш байгелердин ээси болгон.Алардын көрүнүктүүлөрү:2014-жылы “мерс230” үлгүсүндөгү унаага жана “жук ташуучу камазга” жана башка сыйлыктарга , ошондой эле 2015-жылдын башында да “мерс230” үлгүүсүндөгү унаага ээ болгон.

20150114_095147
Көк бөрү оюнунда көк бөрүчүнү алга сүйрөгөн, көп ийгиликтерди алып берген анын астындагы күлүгү болуп эсептелет.

20150117_105519
Даярдаган: Нурзат Азимова