Кеңеш айылдык маданият үйүндө 2015-жылдын 18-мартында Ноокат районунун акими Айтиев Бекболот Баратович келип эл менен жолугушуп, элдин көйгөйүн угуп кетти. Жыйындын ачылыш баатыр энелерди сыйлоо менен башталды.
Бул жыйынга Шаңкол, Арбын, Даари суу, Чегеден Байыш, Куу-Майдан айылдарынын тургундары катышты, болжол менен жыйынга 500 жаран келди. Ошондой эле жыйынга Ноокат районунун билим берүү башчысы, гос регистир, военком, электирик жана башкалар келип чогулган элдин суроо талаптарына жооп беришти.
Жыйынды жүрүшүн Кеңеш айылдык маданият үйүнүн өкмөтү Кудайбердиев Калмамат Тайырович өзү алып барды.
Жыйында негизинен эл көтөргөн көйгөйлөр болуп сугат суусу, электр энергиясы жана сел түшүүчү чоң-чоң дарыялар талкууга алынды. Жогорудагы көтөрүлгөн маселелерди өзүм демилгеге көтөрөм деп Ноокат районунун акими Айтиев Бекболот Баратович айыл тургундарына өз убадасын берди. Ошондой эле, жыйынга келген элдер акимге жана бир катар апарат башчыларына өздөрүнүн каало тилектерин жана ыраазычылыктарын айтышты.
Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу