Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Арбын айылынын «Арбын» орто мектебинин 10-классынын окуучусу Расулбек кызы Жанаргүлдүн олимпиaдадан алган ийгилиги.
«Бишкекте өткөн олимпиaда эки күнгө созулуп, биринчи күнү теориясы, экинчи күнү практикасы болду. Теорияда үч тапшырма берилсе, практикада эки тапшырма берилди, биринчи тапшырмада зымдарды удаалаш жана жарыш туташтырып, лампочканы күйгүзүп, анда канчаток бар экендигин аныктоо болду. Тапшырмалар кыйын болду десем болот. Эми менин айтаарым, окуу, окуу ошондой эле кызыгуу, өзүбүз аракет кылсак эле баарына жетишсек болот экен»— деди олимпиядист окуучу Расулбек кызы Жанаргүл.
Бишкекте болгон олимпиaда 26- 27—мартта болуп Расулбек кызы Жанаргүл физика предмети боюнча ош областынын наамысын коргоп 4—орунду багындырып келди.
«Менин уттурганым бир гана убакыт болду. Ушул күндөрү үйгө саат 6га чейин даярданып жаткан күндөрда болду. Бизди эми жол кирени өзүбүздүн айыл өкмөт төлөп берсе ал эми тамак аш, жатакананы мамлекет төлөп берди. Мен 2007-жылдан 2012-жылга чейинки өткөрүлгөн олимпиядалык мисалдарды топтодум, анан ошол мисалдарга карап даярдандык»—деди «Арбын» орто мектебинин физика мугалими Апсатарова Чынар эжеке.
Даярдагандар: Баяман Тойчубай уулу жана Нурзат Азимова