“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Жаз жарыш

17 Апрель 2015 жыл 0:35
Көрүүлөрдүн саны: 162

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаз жарыш башталды. Жаз жарыш деп өзү эле айтып тургандай баардык Куу-Майдан айылынын тургундары талаа жумуштары менен жер айдап үрөөн сээп баштаган кез да келди

IMG_20150414_181858

Трактористер тракторлорун оңдоп түзөп быйылкы жер айдоо ишине да киришишти. Жерлердин баары уйкусунан ойгонуп элдерге жакшы түшум берейли дегендей, айдалган жерлер баба дыйкандардын купулуна толуп,жакшы чыкты.

IMG_20150414_175949

Техника өнүгуп дыйкандардын баары илгеридегидей кыйналбай калышты. Илгери дыйкандар жерлерин ат менен айдап ат менен жөөк алып абдан кыйналышчуу эле, азыркы заманда техника өнүккөнүнө байланыштуу жерлерди тракторлор айдап жада калса үч ишти бир алып кете турган техникаларда чыгып элдерге кызмат өтөөдө, мисалы картошка эгетурган, жүгөрү эге турган тракторлор, Алар кетип атып биртинчи жөөк алып андан кийин үрөөндү себип анын аркасынан көмүп үч ишти бир алып кетет. Бул техникалар дыйкандарга өтө чоң жардам берүүдө.

IMG_20150414_192647

Даярдага: Баяман Тойчубай уулү
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»