Куу-майдандагы айыл окумотунун имаратында турган №3 бул китепкана тээ 1970чи жылдары туптолуп ошодон бери иштеп келе жатат,айлыгы аз билинбеген туйшуктуу эмгеги менен бул китепканада канчалаган эжекелерибиз элге кызмат кылышты дейт китепкананын азыркы учурда иштеп жаткан башчысы Тиллебаева Гулнара.

Китеп билим булагы демекчи бул китепкананын китеп фонду азыркы учурда 8532 китеп менен толукталган,бул китепканага негизинен айыл тургундары бош убактыларында келишип оздоруно жаккан адабий китептерди окуп турушат жана уйлорунода алып кетип окушат,китепканага пенсионерлер орто курактагы агай ээжелер жана жаштар,мектеп окуучулары келишип тынымсыз китеп окуп турушат.

Китеп элдин маданиятынын эн маанилуу булактарынын бири демекчи бул китепканада кыргыз орус адабияттары орун алган,ошондойэле саясий адабияттар жана балдар адабияттары китепкананын текчелерин толуктап турат.
Акындардын жазуучулардын жаны чыгарган китептери менен жана райондун областтьан келген жаны сандагы газета журналдарыда келип турат.

Гулнара эже бир эле китеп текчесин китептер менен толтура бербей жергиликтуу жана улуу акын жазуучулардын эмгектерин буклеттер аркылуу коргозуп келет ошону менен биргеле ар кандай иш чараларды китепке байланышкан кечелерди откоруп турат.

Китепкананын келечектеги максаттары тууралуу томондогулорду билдирди:бул китепкананы заманбап техналогия менен камсыз кылуу жана окурмандарын кобойтуу,компьютерлер менен иштоо биздин максат дейт:-китепкананын башчысы Тиллебаева Гулнара.

Даярдаган:Абсатаров Женишбек жана Баяман
Клооптун журналистика мектеби учун сынакка.