“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майданда «Курбандык» үчүн мал-жандыктар союлууда

25 Сентябрь 2015 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 540

Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «Курбандык» учун мал-жандыктарды курбандыка чалып жатышат.Куу-Майдандыктардын Курбандык чалуудагы максаты Аллах Таалага жакын болуу.

20150925_074724

Курбандыктын мааниси «жакын болуу» дегенди түшүндүрөт.Ошондуктан Аллах Таалага жакын болуу үчүн Курбан Айт күнүндө союлуучу жандык «курбандык» деп аталат.

20150925_080432

Ханафий масхабынын уламаларынын пикири боюнча, курбандык союу зекет берүүгө кудурети жеткен ар бир мусулмандын мойнундагы милдети.

20150925_090553

Аллахтын жолуна курбандык кылуу кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен ишке ашырылат.Курбандык үчүн тандалган кой бир жаштан кем болбош керек, кочкор да соолук да курбандыкка жарайт.Эчки, уй, төөлөр «саний» болушу зарыл.

20150925_093947

Курбандыка союлчу жандык сопсоо жана денелик айыптардан таза болушу керек.Курбандык союу Айт күнү, айт намазы окулуп бүткөндөн кийин башталып, үчүнчү айт күнүнө чейин жасалат.Имам Аъзам мазхабында айт намазына чейин же болбосо төртүнчү айт күнүндө союлган жандыктар курбандык эсебине өтпөйт.

20150925_100337

Куу-Майдан айылынын жашоочусу Абдыразаков Кожондун айтуусунда «эт үч бөлүккө бөлүнүп, бир бөлүгүн өзү үй-бүлөсү менен, экинчи бөлүгүн колу-кошуна, дос-туугандарга, үчүнчү бөлүгүн жалпы муктаждарга садака кылып таратып жиберуу керек» дейт.

Даярдаган:Курсантбек кызы Аймончок