“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Коомдук ишмер Абтыкаар Эргешовду эскерүү болуп өттү

18 Октябрь 2015 жыл 11:20
Көрүүлөрдүн саны: 94

16-октябрда Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл ѳкмөтүндө коомдук ишмер Абтыкаар Эргешовду эскерүү күнү болуп ѳттү.
Эскерүүгѳ достору, кесиптештери, айылдаштары жана туугандары келишти. Анда Абтыкаар Эргешовдун жеке ѳздүк тасмасы кѳрсѳтүлдү.

DSC00298

Айылдаштары коомдук ишмерди сыймыктануу менен эскерип жатышты.  Айыл тургуну Кожон Абдыразаков аны ар бир адамга жакшы мамиле жасап, билгичтиги жана тыкандыгы менен айырмаланганын айтты:
“Биринчи эле келгенде колхоздун техникаларын көзөмөлдөп турган . Айылдын тургундары техниканын тилин билген инженер деп эсептешкен. Андан кийин кызматынан бир топ көтөрүлгөн .Эргешов Абтыкаардын элибизге кылган эмгектери үчүн анын атын айыл ѳкмѳткѳ койуу маселеси талкууланды”.

DSC00308
Алмаз Эргешов Абдтыкаар Эргешовдун үчүнчү уулу. Анын айтуусунда атасы жөнөкөй жана токтоо адам болгон:
“ Биз үй-бүлөдө бир кыз, беш уулбуз. Баарыбызга берген тарбиясы абдан жакшы болчу, насаатарды айтчу, атам илимдүү- билимдүү адам болгон. Атамды эскерүүгѳ бирге иштегендер, шакирттери , теңтуштары жана айыл тургундары келишти. Жакшы сөздөрүн айтышты”.

DSC00299
Эскерүүдөн кийин анын жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш болуп ѳттү . Мелдештин байге фондуна 50 000 сом коюлган.

 

DSC00310

Оюнга 13 айыл ѳкмѳттѳн командалар катышып, жыйынтыгында биринчи орунду Кара –Таш, экинчи орунду Кеңеш айыл ѳкмѳтү жана үчүнчү орунду Кыргыз –Ата айыл ѳкмѳтү ээлешти .

Даярдаган: Сыймык  Абубакир  уулу

сынакка