“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Ноокат районунда алма фестивалы болуп өттү

25 Октябрь 2015 жыл 18:49
Көрүүлөрдүн саны: 755

Ноокат районунун Кыргыз-Ата округунда «Компаньон» уюму тарабынан уюштурулган алма фестивалы болуп өттү.Фестивалга жергебиздин жети дубанынан келген атайын өкүлдөр катышып кетишти.

DSC00124

IMG-20151010-WA0007

Ноокат районунун элдери да иш-чарага күбө болду. Эми мындан ары да ушуга окшогон иш-чаралар көп болуп турушу баса белгиленип кетти.

DSC00125

«Компаньон» компаниясынын директору уюштуруучу Мелис Дүйшөкуловдун айтымында «Бул алма фестивалын уютуруу максаты Ноокат шаарынын алмасын  Кыргызстанга эле эмес бүт дүйнөгө таанытуу болуп эсептелет. Буга чейин Кыргызстандын түндүк тарабында ушуга окшогон фестивалдар байма-бай өткөрүлүп келген» деди өз сөзүндө Мелис Дүйшөкулов

IMG-20151010-WA0008

DSC00157

Түштүк тарабында экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Биринчи жолу Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүндө өткөн. Атайын башка мамлекеттин өкүлдөрү келип катышып келишкен.

DSC00168

Фестивалга Ноокат районунун элдери да өз алмаларын, алмадан жасалган пирок, торт, сок, кургатылган алма, алма формасындагы ар кандай колдо жасалган кооз буюмдары менен көргөзмөгө катыша алышты.

IMG-20151010-WA0002

Айыл тургуну Химия Насированын айтымында «Компаньон уюмунун өкүлү келип мектебибизде ушундай алма конкурсу болот деп айткан эле анан алманы улаткан элек эки жыл болду, быйыл тушум алып он даана эле алды ошонун арасынан эң чоңун сактап коргозмого алып чыктым акырында эң чоң алма деп табылып 1000 сом акча алдым » деди Химия Насирова

IMG-20151010-WA0004

IMG-20151010-WA0005

Көргөзмөдө атайын өкүлдөр алма тууралуу жакшы кеңештерин кантип өстүрүү, кароо керектиги жөнүндө багыт бере кетишти.

Даярдаган: Салиха Абдуллаева

Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка