“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Ноокат районунун Айбек айылында жаңы мектеп ачылды

26 Октябрь 2015 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны: 88

Ноокат районунун Айбек айылында Айбек орто мектеби ачылды. Аталган мектеп төрт жыл мурун курулуп баштап быйыл 2015-жылдын сентябрь айында окуучуларга окууга берилди. 20151002_135527

Бул мектеп мындан сегиз жыл мурун долбоору жазылып, төрт жыл мурун долбоору Жогорку Кеңеште каралып өткөн. Демөөрчү катары Надира Нарматова жардам берген жана мектеп директору да салымын кошкон.

20151002_141303

Мектептин ичинде баардык талапка жооп берген жабдуулар менен жабдылган. мектептин ар бир классында компьютерлер бар. Эки интеративдик доска, тигуу машиналары, атайын лингафон кабинети,  аскерге чейинки даярдоо классы бар.

20151002_135948

20151002_140648

Мугалимдердин айтымында мектептин ички жасалгалоосун айыл тургундарынын салымы менен мектеп директорунун жетектилиги астында ички жасалгалоосу баары бүттү  дешет мектеп мугалимдери.

20151002_135855

20151002_140116

Мектептин 11-классынын окуучусу Элдар  Абдурасулжан уулу «Мурдагы мектепте компьютерлер болгон эмес жаңы мектепте компютерлер бар, атайын аскерге чейинки кааналар баардык шарттар бар» дейт Элдар Абдурасулжан уулу.

20151002_140316

Ошол эле мектептин 5-классынын окуучусу Нуржигит Акылбек уулунун айтуусунда «Бул мектеп озгочо мектеп ар бир класста компьютерлер бар мага ошонусу менен жагат» дейт Нуржигит Акылбек уулу

Даярдаган: Салиха Абдуллаева

Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.