Ноокат районуна караштуу Шанкол айылында Чардана мечити ачылып ишке кирди. Айыл эли беш убак намазын жамаатташып чогуу окуп жатышат.
Мечит эки кабаттан туруп ичине көптөгөн элди баткырууга мүмкүнчүлүгү бар. Мечитти куруп чыгуу демилгеси Шанкол айылынын ардактуу уулу Алтынбек Сулайманов тарабынан көтөрүлдү.
Ар жума сайын Шанкол айылынын жана кошуна айылдын элдери келип жума намазын чогуу окуп жатышат.
Мечиттин имамы Абдыразаков Эмилбектин айтымында «Ассалому алейкум рахматуллохи вабаракатуху бул мечитке келип мусулмандар беш убак намазын окушуп кылган күнөөлөрүнөн арылышат жана башындагы парздарынан кутулушат. Ошону менен бирге жаратуучубуз Аллах таалага ошончолук жакындашат. Канчалык мечитке эл коп келсе ошончолук жамааттын тилек дубалары кабыл болот» деди Эмилбек Абдыразаков
Айыл тургуну Мамажунусов Арандын айтымында «Бул мечит абдан мыкты деңгээлде бүтүрүлдү. Буга чейин мынчалык коп адам батпай мечиттин сыртына да намаздарын окушчу. Азыр эми баары бата турган денгээлде» дейт Аран Мамажунусов
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка
Сынакка