“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылын жылуулук менен камсыз кылган ишкер

7 Декабрь 2015 жыл 23:19
Көрүүлөрдүн саны: 172

Куу-майдан айылын көмүр менен камсыз кылган ишкер  Аширбеков Айбек  беш жылдан бери ушул эмгек менен алектенип келе жатат.

20151206_160136

Көмүрдү Алай районуна караштуу  Сары-Могол айылынан алып келет. Алайга барып келиш  убактысы үч  күн. Ар бир алып келишинде 19,20 тоннадан алып келип  элди көмүр менен  камсыз  кылат.

20151206_160432

Көмүр  алып  келген  адамга эл  абдан ыраазы. Айбек байке көмүрдү  базардагыга салыштырмалуу арзаныраак  сатат. Базарда  көмүрдүн  баасынын  килограмы  алты сом болсо, Айбек байке көмүрдү  5,70 тыйындан сатат.

20151206_160011

Ошондуктан башка жактан  келгендерден  эл анча  деле алышпайт, эл көбүнчө Айбек байкеден  алышат. Анткени Айбек байке көмүрдү  арзан  баада  сатат жана  насыяга деле берет.

20151206_160703

Буйрутма сурагандар  Куу-Майдан айылында  көп болгондуктан  башка  эч  алып  барбайм  дейт Айбек  байке.

20151206_160045

Көмүрдү  Куу-Майдан  айылында  сурагандар көп  болгондуктан көмүр  эки үч  күндө  эле  түгонүп  калат

Даярдаган Курсантбек уулу  Хусейин

Клооптун журналистика мектебине катышуу учун  сынакка

сынакка