“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан:Шанкол айылынын жолу жаныланды

7 Декабрь 2015 жыл 14:01
Көрүүлөрдүн саны: 74

Жакында Шанкол айылынын жолдору толугу менен ондолуп,айыл элине  чон кубаныч тартуулады.

IMG_02012014_031536

Буга чейин   айыл эли жана айдоочулар  жолдун начарлыгынан жапаа чегип келишкен. Жолду жанылоодо эски асвальттар казылып алынып. оордуна узундугу 5км ди түзгөн сапаттуу асвальт төшөлдү.

IMG_02012014_032002

Шанкол айылынын айыл башчысы Кадыр Жамгырчиев айтты:»Жолду ондоодо сапатына мыкты көнүл бурулду.Асвальттын калындыгы да талапка жооп берет,машиналар кенениреек өтө тургандай кылып  жол кенейтилди.Эки айдын ичинде жол бүтүрүлүп,  толугу менен ишке берилди».Дейт Кадыр Жамгырчиев

IMG_02012014_031600

Айдоочу Мамрөсүл Камаловдун оюнда:»Мен айдоочу болгонлуктан билемин.Мурун жолдун начарлыгынан барчуу жерибизге да кечигип барчуубуз.Азыр кудайга шүгүр жол тегиз болуп калды.

IMG_02012014_031953

өзгөчө айдоочулар үчүн да жакшы болду. Анткени алар күн сайын машина менен элдерди ташып,жүрүшот ал эми татаал жолдо унаалары тез бузулуп, капчыктарына бир топ зыянын тийгизчүү эле.»Дейт Мамрөсүл Камалов.

Айта кетчүү нерсе бул жол Шанкол айылынын негизги жолу болуп эсептелет.

Даярдаган: Алида Маматосмон кызы.

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.

Сынакка.