7-декабрда Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Ж.Нышанов атындагы орто мектебинде кыз жигит сармерден оюну болуп өттү.
Кыз жигит сармерден оюнуна 8,9,10,11 класстан 4-5 тен кыз жигиттер катышты.Кыз жигит сармерден оюунунда ыр-бий,макал-лакап,жаңылмачтар айтылды.
Окуучулар концерт коебуз деп кое албай калышкан,11-класстын эр балдары кыз жигит сармерденин уюштурабыз деп мугалимдерге кайрылганда мугалимдер макулдугун берген ошентип Ж.Нышанов мектебинде кыз жигит сармердени болуп өттү.
Кыз жигит сармерденинде калыстар тобу эки команданы тең бирдей деп баалашты бирок мугалимдер аны туура эмес деп табышты.
Мектеп мүдүрүнүн уюштуруу иштери боюнча орун басары Ысмаилова Гүлмайрам эжекенин айтымында калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы туура эмес,анткени балдар командасы так жана туура жооп берип жатышты,кыздар командасы болсо барака жазып алып айтып жатышты дейт Гулмайрам Ысмаилова.
Ж.Нышанов мектебинде болуп өткөн кыз жигит сармерден оюну абдан кызыктуу болуп өттү көрүп жаткан адамдар дагы башкача сезим менен көрүп жатышты.
Даярдаган Маматосмон кызы Алида
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка сынакка