“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан:Кашкалдак айылынын тургуну Бекболтов Усөн балык чарбасын ачты

10 Декабрь 2015 жыл 18:38
Көрүүлөрдүн саны: 113

Жакында еле Кашкалдак айылынын тургуну Бекболтов Үсөн балык чарбасын ачты.Учурда балыктар үчүн даярдалган көлмөдө балыктар чоноюп жатат.

IMG_03012014_043230

Балыктардын өсүп жетилүүсү үчүн еки бөлүктөн турган көлмө даярдалып, буга  20000сом коротулса, 18000сомго 75килограмм икра сатылып алынып сууга ыргытылды.

IMG_03012014_043300

Балык чарбанын ээси Үсөн Бекболотовдун айтымында:»Бул жерге картошка айдап көрдүк бирок чыгымын да актаган жок.Өрүкзар кылалы деп өрүктүн көчөттөрүн тиктик, таштак жана саздак жер болгондуктан көчөттөрүбүз да куурап калды.Анан үй бүлөбүз менен кенешип олтуруп балык чарбасын ачууну чечтик.Балык чарбанын ел үчүн да жеке үй-бүлөөнүн бюджети үчүнда пайдасы чон болот»дейт Үсөн Бекболотов.

IMG_03012014_043304

Күн сайын көлмөдөкү булганыч суулар сыртка агып чыгып, оорду таза суу менен камсыздалып турат.

Көлмөдөкү балыктар август айында толук чонойуп, сентябрь айында саттыкка чыга баштайт.божомол Боюнча чонойгон балыктарды орто баада сатканда да, 350000сом пайда алып келүүсүсүн чарба ээси күтүүдө

IMG_03012014_043428

Айыл тургуну Айбек Калмаматовдун оюнда:»Кашкалдак айылынын жерлери саздак болгондуктан эгин-тигин анча жакшы боло бербейт.Бул жерде Үсөн Бекболотовдун балык чарбасы айылда алгачкылардан болуп ачылып жатканы элге жакшы үлгү болуп жатат.»дейтАйбек Калмаматов.

 

Даярдаган:АлидаМаматосмон кызы.

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка

сынакка..