Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл окмотундогу Шанкол орто мектебине компьютерлер жетишпейт. Бул мектепте эки гана компьютер бар директордо жана компьютер каанасында.
Шанкол орто мектебинде эки жыл мурун 13 компьютер болгон, алар 1990-жылкы компьютерлер болгондуктан эскилиги жетип бузулуп калган.
Районодон копьютер алып келуусун суранышкан бирок, жыйынтык жок. Келээри менен силерге беребиз деп беришбептир.
Информатика сабагынын мугалими Чолпон Кушуеванын айтымында “Окуучулар мына ушул бир компьютер менен эле иштешет, анан мен өзүмдүн ноутбугумду алып келем экоо менен гана иштешет.Анан копчулук мезгилде иштөө дептерлери менен иштешет” дейт Чолпон Кушуева.
2014-2015-окуу жылдын бүтүрүүчүлөрү компьютер каанасынын ички жасалгасын жасап беришкен. Бул каананын баардык шарты бар, компьютердин жетишсиздигинен гана окуучулар жапа тартып келишүүдө.
Айыл тургундары аракет кылып күчү жетпей, чоңдорго кайрылышкан бирок жыйынтык болгон эмес.
Кенеш айыл аймагынын башчысы Кудайбердиев Калмаматтын айтымында 2016- жылдын бюджеттик эсебинен 3,4 компютер алып беребиз деп жатабыз анан дагы билим министирлигинен сураганбыз жыйынтык чыгып калса бир принтери менен компютер беребиз деп айтышкан дейт Кудайбердиев Калмамат.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка
сынакка