“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылындагы Нышанов мектебинде билим деңгээли жогорулоодо

17 Декабрь 2015 жыл 12:54
Көрүүлөрдүн саны: 84

Ноокат районунун Нышанов мектебинде билим деңгээли жогорулоодо. Зоналдык олимпиададан беш окуучу биринчи орунду камсыз кылган.

20151202_095032

Зонадан биринчи орунду алган окуучулар, химиядан Орозмамат кызы Сыймык, Орус тилден Куштарбек кызы Айкокул, физикадан Акимжан кызы Анара менен  Салимжан кызы Айнагул, кыргыз тилден Абдиламит кызы Дилнура, информатикадан Курсантбек кызы Аймончок, тарыхтан Адилбек уулу Мустафа.

20151202_095047

Адилбек уулу Мустафа 8-9-декабрь кундөрү өткөн зоналдык олимпиадада 1-орунду багындырды.

Мустафа Адилбек уулунун айтымында «1-орунду багындыруу аябай кыйын болду, бирок көп окугандын натыйжасын берди,»-дейт Мустафа Адилбек уулу.

Тарых мугалими Айтигүл Абдибалиеванын айтымында «Биз бул олимпиадага көп даярдандык. Көп учурда түштөн  кийин даярдык катуу болуп жатты. Олимпиададан чыккандан кийин толкунданып жаттык,»-дейт Айтигүл Абдибалиева.

Даярдаган: Нуриза Калил кызы

Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка