Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Нышанов мектебинде КАлымбек Датканыны 200 жылдыгына карата куурчак жарманкеси болуп өттү. Бул куурчак жарманкеси мектептеги окуучуларга аябай жакшы болду.
Жарманкеге 4-класстан 8-класска чейинки окуучулар активтүү катышышты.Балдар жыгачтан 12см ден ашпаган куурчак жасашса ал эми кыздар материалдардан ,кийиздерден 20см дан ашпаган куурчак тигишет.Эң жакшы деп табылган куурчакка сыйлык берилет.
Эжеке Гүлмайрам Ысмайылованын айтымында»Ноокат районунун билим берүү тарабынан буйрук берилген .Алымбек датканын 200 жылдыгына карата тигилүүдө.Эң жакшы деген куурчак Ош облассынын балдар чыгармачылык борборунун кабинетине коюлат.
Окуучу Нурнуска Нурсейит кызынын айтымында»Мен куурчак тиккенге аябай кызыгам .Мен бул жарманкени укканда аябай сүйүндүм. Бизге бул жарманке аябай чоң мүңкүнчүлүк болду. Анткени өз чыгармачылыгыбызды көрсөтө алдык».
Даярдаган:Нуриза Калил кызы
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.