“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «Биз кылмыштуулукка каршыбыз» деген темада иш чара болуп өттү

19 Декабрь 2015 жыл 14:43
Көрүүлөрдүн саны: 187

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «Биз кылмыштуулукка каршыбыз»деген темада иш- чара болуп өттү.

20151205_113458

Он сегизинчи декабрь күнү  9-а жана 9-б класстары»Биз кылмыштуулукка каршыбыз «деген темада  даярдаган номерлерин окуучуларга көрсөтүштү.Даярдаган номерлери кылмыштуулукка байланыштуу болгондуктан окуучулар кызыгып көрүштү.

20151205_115850

Катышуучу Айжаркын Алтынбек кызынын айтымында » Биз мындай номер даярдаганыбыздын себеби окуучуларга сабак болсун деп жана уурулукка , тоноочулукка барбагыла деп чагылдырып бердик»

20151205_113426

Көрүүчү Элина Кеңешбек кызынын айтымында»Биз бул номерлерден өзүбүзгө пайдалуу жактарын алдык.Уурулукка , тоноочулукка барган адамдарга туура эмес жол экенин түшүндүрүүну  билдик»

20151205_112755

Даярдаган:Нуриза Калил кызы

Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка

сынакка