Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында селден чоңойгон жар элдерди кооптондуруп жатат. Ал жар беш- алты жыл мурун жөнөкөй эле арык болгон.
Азыркы убакта МЧС селди башка жака буруп берди. Бирок баары бир сел катуу жүрсө айылды суу каптап кетет. МЧС дагы бир дамба куруп беребиз деп жатат.
Жардын бийиктиги 7,8 метрди түзөт узунунан 300 метр.Азыркы убака чейин эч ким бул кырсыкка кабылган эмес бирок баары бир бул жердин жашоочулары учун кооптуу.
Куу-Майдан айылынын тургуну Султанова Кереметтин айтымында «Үч төрт жыл мурун айылдын тургундары адырдан кара томук аттуу өсүмдүктөр болгон ал абдан жакшы күйө турган жыгачтын бир түрү ошол жыгачты адамдар тергенден кийин сел айылга түшө турган болуп калган.Бир күнү жамгыр жаап биздин көчөгө сел түшкөн ошондо мен коңшу айылга барганымда ал жака сел түшбөптүр ал жакта да жар болчу бирок анын башына дамба куруп койгон экен ошол үчүн түшбөптүр биз дагы дамба куруп беришин сурап жатабыз»,- дейт Султанова Керемет.
Окуучу Кубанычбек уулу Темирландын айтымында «Биз дайыма кышында ушул жерге келип жылгаяк тепчубуз мен ушул жардын жок кылынышын каалайт элем анткени биз ушул жар жок болсо кенири жылгаяк тебебиз»,- дейт Кубанычбек уулу Темирлан.
Куу-Майдан айылынын тургундарынын айтымында биз МЧСке абдан ыраазыбыз анткени алар жакшы жардам берип жатат дейт айыл тургундары.
Даярдаган Курсантбек уулу Хусейн
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка
сынакка