“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Жапар Нышанов мектеби Кулатов айыл өкмөтүнө барып көчө театры боюнча сыйлыктарды утуп келишти

23 Декабрь 2015 жыл 22:02
Көрүүлөрдүн саны: 200

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектеби Кулатов айыл өкмөтүнө барып көчө театры боюнча сыйлыктарды утуп келишти. Кулатов жана Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн ортосунда «Балдардын укугу кантип корголот» деген темада көчө театры болду.

IMG_20151212_113713

Мында Кулатов айыл өкмөтүнөн эки мектеп, Кеңеш айыл өкмөтүнөн Жапар Нышанов мектеби катышты. Нышанов мектеби эки ценарий көрсөтүштү.

IMG_20151212_113951

Жыйынтыгында Нышанов мектеби бир проектор, бир принтер утуп келди. Көчө театрына 11-б классынын, 4-класстын, 6-класстын окуучулары катышты.

IMG_20151212_113953

Буга чейин да Нышанов мектебинин окуучулары сыйлыктарды утуп келишкен. Өткөн жылы 10-11-классынын окуучулары  «Билерман ордо» интеллектуалдык оюнуна катышып зонадан 1-орунду, райондон 2-орунду ээлеп бир принтер утуп келишкен.

Директордун тарбия жана уюштуруу иштери боюнча орун басары Гүлмайрам Ысмаилованын айтымында «12-декабрь адабият күнүн өткөрдүк мында да 11-а,б класстары Чынгыз Айтматовдун туулан күнүнө карата чыгармаларынан каармандардын галлереясын даярдашты»-дейт Гүлмайрам Ысмаилова.

Ыр, бийлерди көрсөтүштү Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына берилген баалар айтылды. Көркөм окуулар окулду.

Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка

Сынакка