Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы тегирмен жаныланды.Мурдагы тегирмен иштебей калганына байланыштуу тегирменди жанылап башка жерге жылдырган.
Азыркы убакта башка жерге жылдыргандан кийин тегирменге ун таштачулар көбөйүп калды.Мурдагы жеринде тегирмен күнүнө 3 мүшөктон 6 мүшөккө чейин тартса азыр болсо 5 мүшөктөн 10 мүшөккө чейин тартат.
Тегирменде ундун килограммын 2,50 тыйындан тартат.Тегирмен жолдун боюунда болгондуктан элдерге да ун таштаганга ыңгайлуу болуп калды.Тегирменге Жаңы-Базардан,Арбындан,Шаңкол,Федуруптан келип таштагандар бар.
Тегирменде эки ишкер иштейт бири түшкө чейин иштесе бири түштөн кийин иштейт алар Шералиев Садыкмырза жана Азизбек уулу Данияр.
Бул иштин жетекчиси Төлөнбаев Азиздин айтымында» мен бул иш менен беш жылдан бери алектенип келем бул иш мага жагат.Бул тегирменден түшкөн акчаны үчкө бөлөбүз мага жана эки ишкерге дейт» Төлөнбаев Азиз.
Даярдаган Курсантбек уулу Хусейин
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка
сынакка