“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Кашкалдак орто мектебинде «Мыкты мугалим» конкурсу болуп өттү

25 Декабрь 2015 жыл 22:41
Көрүүлөрдүн саны: 369

20151224_133924

Ноокат районунун Кашкалдак орто мектебинде кече 24-декабрь күнү «Мыкты мугалим» конкурсу болуп өттү. Бул конкурска 8 мектептин мугалимдери катышты.

20151223_170721

Конкурс беш этап менен жүрдү, алар 1) Сабак өтүү, 2) Көргөзмөсүн көрсөтүү жана анкетасы, 3) табылга, 4) Чүчү кулак, 5) Ыңгайсыз суроолор.

20151224_124026

Жыйынтыгында 1-орунду Камбаралы Бобулов атындагы Барбы орто мектебинин мугалими Айчүрөк Кожомбердиева, 2-орунду Боронбай Атишев орто мектебинин мугалими Дилафруз Дарыбек уулу, 3-орунду Ак-Чабуу орто мектебинин мугалими Жанаргүл Самиева ээлешти.

20151224_171834

20151224_171744

Калыстар тобунун мүчөсү Зайнабидин Мамасадыковдун айтымында «Жылдын мыкты мугалими 2016 кароо сынагынын аймактык туру бардык жоболордун негизинде туура өткөрүлдү. Былтыркыга караганда бир аз мугалимдерде былтырыдай жөндөмдүүлүк азыраак бирок, активдүүлүк көбүрөөк,»- дейт Зайнабидин Мамасадыков

20151224_163409

«Мыкты мугалим» конкурсунун жеңүүчүсү Айчүрөк Кожомбердиеванын айтымында «Өтө кыйынчылык менен келди бул жеңиш дагы, тапшырмалары дагы кыйын болду. Аябай толкунданып кандай болот экен деп анан 1-орунга жетиштим,»- дейт Айчурөк Кожомбердиева.

20151224_113700

Көрүүчү Аймончок Курсантбек кызынын айтымында «Жакшы эле болду, ыңгайсыз суроолор болгондо калыстар тобу жакшы суроолорду беришти, мисал үчүн сизге окуучуңуз сиздин сабагыңыз жакпайт, мен сиздин сабагыңызга катышпайм десе эмне кыласыз деген ж.б суроолорду беришти,»- дейт Аймончок Курсантбек кызы.

20151224_123203

Даярдаган: Хусейин Курсантбек уулу

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка

сынакка