Куу-Майдан айылында мал эти арзандады. Мал эти 2016-жылга чейин бир килограмм эт 300 сом болгон. Азыркы убакта мал этинин баасы 250 сомго арзандады.
Мал этинин арзандаганынын себеби Куу-Майдан айылынын жашоочуларынан беш-он адам кеңешип мал сатып алып келип 230 сомдон сатып жатканына байланыштуу Куу-Майдан айылынын касабы Өмүрзаков Сейдалы мал этин түшүргөнгө мажбур болду.Азыркы убакта Өмүрзаков Сейдалы мал этин 250 сомдон сатып жатат.
Куу-Майдан айылында мал алып келип сатуучулардын бири Мадраимов Неематтын айтымында»биз буга чейин мал этинин килограммын 300 сомдон алып жатканбыз азыр болсо мал алып келип сатканыбыз учун мал эти Куу-Майданда арзандады,»-дейт Мадраимов Неемат.
Куу-Майдан айылынын тургуну Абдразаков Кубанычбектин айтымында»мен буга чейин 1500 сомго 5 килограмм эт алат элем. Азыркы убакта 1500 сомго 8 килограмм эт алам,»- дейт Абдразаков Кубанычбек.
Куу-Майдан айылындагы касап Өмурзаков Сейдалынын айтымында «мен мурда мал этин 300 сомдон сатат элэм адамдар чогулуп мал алып келип арзан баада сатканына байланыштуу мен дагы мал этин түшүрдүм,»-дейт Сейдалы Өмурзаков.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка