Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Шанкол, Нышанов, Арбын, Байыш орто мектептеринин окуучулары катышышты.
Долбоордун негизги максаты жаштардын көйгөйүн аныктап чыгып, жаштарды ошол көйгөйлөрдү кантип аныкташ керек, кандай чечүү жолдору бар, ошолордун баарын чечүү жолун үйрөтүү болуп эсептелет.
Донор Кошмо Штаттардын тынчтык үчүн Институту (USIP). Аткаруучу Борбордук Азиянын Фондусу (ФЕЦА) болуп, 2 жылга созулат.
Семинардын алып баруучусу Нурбек Сариевдин айтымында «Долбоордун негизги күтүлүүчү жыйынтыктары болуп, жаштар өз алдынча оз маселелерин көтөрүп чыгып,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өз маселерин чечип алса деген ойдобуз » дейт Нурбек Сариев
Кеңеш айыл өкмөтүнүн «Жаштар иштер» боюнча адиси Жеңишбек Исаевдин айтымында «Жаштардын көйгөйүн аныктоону план кылып журөт элек бугун ушул боюнча жакшы маалымат алынды, буйруса ушул пландын негизинде иш алып барабыз деген ойдомун» дейт Жеңишбек Исаев.
Катышуучу Айчурөк Куватаали кызынын айтымында «Семинар жакшы өттү, өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү кантип чечүүнү үйрөнүп калдык» дейт Айчүрөк Куватали кызы.
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы