“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Ноокат районунун Куу-Майдан айылына мончо ачылды

25 Февраль 2016 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны: 116

Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жаңы мончо ачылды. Куу-Майдан айылынын тургуну Занаш Молдожанов 2015-жылы элдин тазалыгы үчүн мончо куруп баштаган .

20160224_155317

Ал мончо 2016-жылы курулуп бүттү. Ал 23-февралда кудай кылып мончосун ачты. Мончо бир жылда курулуп эки миллион акча сарпталган.

20160224_160418

Занаш Молдожановдун айтымында:»Ачылганына эки күн болсо дагы элдин агымы көп.Бул мончого эки миллион акча жумшадым.Бул жактагы мончолордо бассейн жок болгондуктан мен бассейн да курууну чечтим»- дейт Занаш Молдожанов.

20160224_160259

Куу-Майдан айылынын тургуну Аскат Мамасадыковдун айтымында: «Бул мончонун курулганы абдан жакшы болду. Биз абдан кубанычтабыз анткени башкалардан айырмаланып бассейини менен курулду»- дейт Аскат Мамасадыков

20160224_160335

Даярдаган:Нуриза Калил кызы

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка

Сынакка.