“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылында мыкты жигит конкурсу болуп өттү

25 Февраль 2016 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны: 218

Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мыкты жигит конкурсу болуп өттү. Мыкты жигит конкурсу 23-февралга карата болду

20160222_112007

Конкурска алты жигит катышты. Алар   Аятулла  Айтмамат уулу, Ысмайыл  Абдибек уулу, Мустафа Адилбек уулу, Нурманбет  Арын уулу ,Эрлан Кутманбек уулу жана Сыймык Азизбек уулу.

20160222_114045

Мыкты жигит конкурсуна алты программа коюлду .Алар төмөндөгүчө: Саламдашуу,гир көтөрүү,аскердик кийимдин жакасын тигүү,акробатикалык оюндар жана өздөрүнүн хоббиси болгон.

20160222_115844

Мыкты жигиттерди колдоп жатышты. Жыйынтыгында Аятулла Айтмамат уулу 1-орунду багындырды . Мустафа Адилбек уулу 2- орунду, Эрлан Кутманбек уулу 3-орунду багындырышты.

20160222_132534

Уюштуруучу Абубакир Гаиповдун айтымында «конкурсту откорүүнүн эн негизги себеби патриоттуулукка тарбиялоо жана аскерге чейинки даярдык . Жигиттер каттуу даярданышыптыр»- дейт Абубакир Гаипов.

20160222_122708Биринчи орунду багындырган Аятулла Айтмамат уулунун айтымында:» Жеңишке талбаган аракетимден улам жеттим деп ойлойм .Калыстардын чечимине ыраазымын дейт Аятулла Айтмамат уулу»

20160222_124741

Катышуучу Нурманбет Арын уулунун айтымында: «Мен жеңилгениме өкүнбөйм. Анткени класстан суурулуп чыккандын өзү мыкты деп ойлойм.Калыстардын чечимине ыраазымын»- дейт Нурманбет Арын уулу»

20160222_121216

Көрүүчү  Луиза Курсанбек кызынын айтымында:»Жигиттердин абдан каттуу даярданганы көрүнүп турду. Алардын баары эле мыкты жигит деп ойлойм дейт»-Луиза Курсанбек кызы»

20160222_123215

Даярдаган: Нуриза Калил кызы

Клооптун журналистика мектебине окуу үчүн сынакка

сынакка