“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Нышанов мектебинде «Кана эмесе кыздар» конкурсу болуп өттү

16 Март 2016 жыл 18:04
Көрүүлөрдүн саны: 168

20160307_113259

Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «Кана эмесе  кыздар» аттуу  класстар аралык сынак болуп өттү. Бул сынакка 9-10-11- класстан бештен кыз катышышты.

20160307_113440

Катышуучулар өздөрүнө ат коюп, алты команда болду. Бул сынакта кыздар ата-энелерди, эжекелерди куттукташты. Сынакта беш праграмма коюлду. Алар төмөндөгүчө: Саламдашуу, көркөм окуу, кыргыз бийи , клип аткаруу жана суроо жооп.

20160307_133633

Кыздарды калыстар тобу баалап отурушту. Күйөрмандар да кызуу колдоп жатышты. Конкурстун жүрүшү үч саатка уланды.

20160307_134234

Жыйынтыгында 11-б классы 1- орунду,11-а классы 2-орунду,10-а классы 3-орунду багындырышты.

20160307_113817

Бул жыйынтыкка кээ бир күйөрмандар нааразы болушту, анткени 9-б классынын аткаргандары кызыктуу болгонун айтып жатышты.

20160307_140425

Катышуучу Аймончок Курсантбек кызынын айтымында «Биз жеңилсек да өзүбүздү 1- орунду алгандай сезебиз, себеби бизди күйөрмандар колдоп жатышты» -дейт Аймончок Курсантбек кызы.

20160307_144058

Калыс Раабы Ашированын айтымында «Чечим туура эле болду .Кыздар күчтүү даярданышыптыр»- дейт Раабы Аширова.

Даярдаган: Нуриза Калил кызы

Клооптун журналистика  мектебине катышуу үчүн сынакка.