“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майданда жан кудайы болуп өттү

21 Март 2016 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны: 108

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Медресе мечитинде 20-мартта жан кудайы болуп өттү. Жан кудайы — бул ар бир адам өзүнүн жаны үчүн Аллахка сыйынуу.

20160320_153258

Жан кудайынын негизги максаты Аллахка сыйынуу, элибизге журтубузга бүткүл дүйнөгө тынчылык аманчылыкты тилөө. Ар бир адам өз өмүрүн, үй-бүлөсүндө жакшы жетишкендиктердин болушун Аллахдан сурайт.

20160320_154627

Мында жан кудайыга кеткен чыгымдарды кезеги келген 4, 5 үй-бүлө көтөрөт. Быйыл Капаров Тынчтык, Тажанов Алым, Сарбалаев Нурхамид, Маматжанов Таалайдын үй-бүлөлөрү кеткен чыгымдарды колго алышты.
20160320_154546
Ар бир барган аялдар үйдөн бышырылган боорсок, созмо, каттама, самса жана башка тамактарды дасторкон жайнатып коюшат. Барган бала-чака, кары-жашы жеп ичип отурушат. Акырында шорпо ичилип, аш тартылды жана маркумдарга куран окулуп бата кылынды.20160320_151804

Мындай иш-чара жылына бир жолу жаз айында өткөрүлөт. Жазда өткөрүлгөндүгүнүн себеби жаз айында эгин-тегиндер эгилип, бак-дарактар тигилип иштин башталышы болуп эсептелет. Ошондуктан элдер чогулуп быйылкы жыл молчулуктун токчулуктун жылы болсун деп бата кылышат.

Куу-Майдан айылынын тургуну Кожон Абдыразаковдун айтымында “Мындай жан кудайы жылда болот. Эл чогулуп эл-журтка тынчтык, бейкуттук кыргызстандын өнүп-өсүүсүн тиледик”- дейт Кожон Абдыразаков.

Куу-Майдан айылынын тургуну Зулайка Иметалиеванын айтымында “Эл-журт аман болсун чет өлкөдө жүргөндөр да ден-соолукта болушсун. Жан кудайы жылда эле өткөрүлө берсин”-дейт Зулайка Иметалиева.

Апиза Эргешованын айтымында “Былтыркыга караганда быйыл элдер көп келишти”- дейт Апиза

Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы
Сынакка