Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов орто мектебинде бугун 1-апрелде «Эки элдин достугу» аттуу иш-чара болду. Ал иш-чарага Ноокат шаарындагы Х.Самиев орто мектебинин окуучулары келип өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ж.Нышанов орто мектебинин окуучулары да февраль айында Х.Самиев орто мектебине барып өнөрлөрүн көрсөтүп келишкен. Иш-чараны Ноокат районунун билим берүү тармагы уюштурган.

Ал иш-чарага Х.Самиев мектебинен 13 окуучу жана 2 мугалим катышып кетишти. Иш-чаранын аягында эки мектептин мугалимдери кийинки жылга спорттук мелдештерди өткөрүүнү пландашты.

Х.Самиев мектебинин мугалими Разия Саттарованын айтымында «Эки улуттун ортосунда ар дайым ынтымак бузулбастан дос болуп жүрө берсин деген максатта келдик»,-дейт Разия Саттарова.

Ж.Нышанов мектебинин директору Гүлзат Сапарбек кызынын айтымында «Эки улуттун ортосундагы ынтымактыкты даңазалап окуучулар өздөрүнүн чакан концерттерин көрсөтүп беришти, окуучулардан аябай жакшы нерселерди көрүп чоң таасир алдык»,-дейт Гүлзат Сапарбек кызы.

Самиев мектебинин окуучусу Гүлбара Хусанованын айтуусунда «Кыргыз улутундагы кыздар балдар жакшы экен бүт баары мага жакты»,-дейт Гүлбара Хусанова.

Нышанов мектебинин окуучусу Айжаркын Таалайбек кызынын айтымында «Мен баары менен достоштум жана сүрөткө да түштүк эстелик үчүн»,-дейт АйжаркынТаалайбек кызы.
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы
Сынак учун