Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.

Гүлдөрдү 10-«а» жана 10-«б» классынын окуучулары отургузушту жана «биз буларды дайым карап сугарып турабыз»-деп сөз беришти.
Окуучу Эрболсун Баратали уулунун айтымында»бул гүлдөр өсүп жетилип гүлдөсө,сүйлөшкөн кыздарыбызга үзүп кетебиз»-дейт (күлүп).

Нышанов мектебинин мугалими Буажар Байназарова эжекенин айтымында «бул гүлдөр жана ак кайыңдар мектебибизге чон таасирин тийгизет деген ишеничтемин жана өзүнүн көрктүүлүгүн берет деген ойдомун»-дейт Буажар Байназарова.

Куу-Майдан айылынын тургуну Марипат Жумабаеванын айтымында «бул ак кайындар, гүлдөр мектебибизге жана окуучуларга чон пайдасын тийгизет деген ишеничтемин»-дейт Марипат Жумабаева.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка