Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы жыгач, темир уста Азамат Маматемин уулу дарбаза, мебел, потолок, стол жасайт. Ал бул иш менен 7 жылдан бери алектенет.

Маматемин уулу өзүнүн өнөрү менен элге кызмат көрсөтүп келүүдө. Бир бөлмөнүн ичин мебел, пол, потолоктору менен 15 күндө бүтөт. Кызмат акысы эмгегине жараша.

Кардары Абдиламит Толубаев «Азамат сарамжалдуу, жакшы тыкан иш кылат. Ошондуктан мен өзүм да үйүмдүн ичин жасаттым,»-дейт.

Устанын кардарлары Ош облусунун булуң бурчтарынан келет.

Азамат Маматемин уулу «Мен бул кесип менен алектенгениме ыраазымын, ушул кезге чейин жасаган иштерим боюнча эч кандай нааразычылык түшө элек,»-дейт.

Кардары Жумабек Абдыкаров «Устанын жасагандарын мен өтө ыраазымын ,анткени жасаган эмгектери менен адамды канааттандырат»-дейт.

Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы.
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка
АК