“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылындагы ҮДТ дарыгерлер тобу даарыканага ондоо ишин жургузушту.

9 Апрель 2016 жыл 19:03
Көрүүлөрдүн саны: 177

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы ҮДТ дарыгерлер тобу даарыканага ондоо ишин жүргүзүштү.Даары кананын айланасындагы арчалар акталып,150 түп алма, терек көчөттөрү отургузулду.DSC01435

Даарыкананын ага фельдшери Бактыбай  Абдыкалыковдун айтымында»бул ондоо иши бизге чон таасирин тийгизет деген ишеничтемин жана өтө ыраазымын. Анткени таза жана тыкан жерде иштөө мен үчүн сыймык»-дейт Бактыбай Абдыкалыков.

DSC01434

Даарыкананын сырты эле эмес ичи да ондолду жана ар бир бөлмөнүн ичи сырдалып дубалдары акталды. Ичин ондоого кеткен чыгымдар профсоюз тарабынан берилди жана өз чөнтөктөрүнөн да кетти.

DSC01432

Мээрбан эже Максуда Жуманазарованын айтымында»даарыкананын ондолуусуна мен аябай кубанычтамын, бизге эле эмес бардык элге чон таасирин жана пайдасын тийгизет деген ойдомун. Себеби бардык  эле эл журт шарты бар ынгайлуу жерде  дарыланууну каалашат»-дейт Максуда Жуманазарова.

DSC01436

Куу-Майдан айылынын тургуну Айдана Абдисейит кызынын айтымында»бул даарыкананын ондолуусу элге да чон таасирин берет жана мага өтө жакты анткени айланасы кооздолуп укмуш көрүнуп калды»-дейт Айдана Абдисейит кызы.

Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы

Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка. АК