“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Нышанов мектебинин заборуна фундамент куюлду

10 Апрель 2016 жыл 20:20
Көрүүлөрдүн саны: 94

20160323_130151

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин заборуна фундамент куюлду. Фунтаментти 1996-жылдын бүтүрүүчүлөрү куюп беришти.

Ар жыл сайын 20 жылдык юбилей ээлери мектепке жардамын көрсөтүшөт. Ошондой эле быйылкы жылдын юбилей ээлери да өз жардамдарын көрсөтүштү.

20160319_155921

Биздин эң негизги максатыбыз мектептин айланасын кооздоо, жаштарга үлгү болуу, ошондой эле өзүбүз окуп кеткен мектепке салымыбызды кошсок -дешет юбилей ээлери.

Фундамент куйганга 2 тонна цемент, 2 машина шагал төгүлүп, усталардын эмгек акысы кошулуп жалпы 35000 акча сарпталды.

20160319_155824

Юбилей ээлери дагы мечитке 10 000 сом беришти жана «Айбийке» балдар бакчасына 1 тонна цемент алып беришти.

Мектеп мугалими Мубара Кадырова «Фундамент куюлганы бизге жакшы болду, себеби мурда мектептин фундаменти көчүп элдердин мал-жандыктары кире берет эле,»- дейт.

20160412_130527

Окуучу Нурмамбет Арун уулу «Фундамент куюлуп мектебибиз жакшына, кооз көрүнүп калды,»-дейт.

Юбилей ээси Медербек Коргонбаев «мектептин фундаменти көчүп кеткен экен ошого фундамент куюп берүүнү чечтик»-дейт

Юбилей ээси Гүлмайрам Ысмайылова «өзүбүз бүтүп кеткен мектебибиз, айылдын, мектептин керегине жарасын деп ушул фундаментти куюп бердик»-дейт.

Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы

Сынакка