“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан:Көтөрмө айылына Эшболот Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейи ачылды

11 Апрель 2016 жыл 21:21
Көрүүлөрдүн саны: 194

Ноокат районунун Көтөрмө айылына Эшболот Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейи ачылды. Бул кыргыз ССР министирлер советинин 2/25 токтомунун негизинде түзүлгон.Окуу корпусунун тиби жакшы ылайыкташтырылган жана 1 этаждуу 80 орундуу.

DSC08033

Лицейдин директору Абибилла Мендибаевдин  айтымында «биздин окуу жай  1982-жылы Каравандагы окуу жайынын филиалы болгон,андан кийин өзүнчө окуу жай болуп бөлүнүп ачылды. Бул лицей окуучуларга чон пайдасын жана он таасирин тийгизет деген терен ишеничтемин»-дейт Абибилла Мендибаев.

DSC08013

Окуу жайда 54 кызматкер иштейт. Инженердик педагокикалык жамаат 30,анын ичинен атайын предметтер мугалими 8,устаттар 12,жалпы орто билим берүү мугалимдери 10 жана кенже тейлөөчү кызматкерлер 10.

DSC08018

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Ибадилла Арналиевдин айтымында»биздин кесиптик лицей учурда фермердике, ондоочуулукка, тигүүчүүлүккө  окутат жана пайдасы өтө эле чон.Бул окуу жайда дипломго жана орто билими тууралуу аттестатка ээ болушат»-дейт Ибадилла Арналиев.

DSC08014

Окуп жаткан кыз балдардан бюджеттин негизинде окуган окуучулардын саны 28,контрактын негизинде окуган окуучулар 60 жана ЦЗН аркылуу окуган окуучулардын саны 3.Даярдалуучу кесиптер:»Электр ширетүүчү» «С» категориясындагы автоунаа айдоочу тайпасы, окуу мөөнөтү 10 ай.»Тигүүчү- бычмачы» тайпасы окуу мөөнөтү 3 жыл. «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты»окуу мөөнөтү 3 жыл.

DSC08025

1-курсунун студенти Умар Руслан уулунун айтымында «бул жерде тамак-аш,жатакана баары жакшы,шарттары өтө эле жакшы түзүлгөн,баары убагында берилет мага абдан жакты бул окуу жай»-дейт Умар Руслан уулу.

DSC08027

1-курсунун студенти Саламалик Аким уулунун айтымында «окуу жай мага өтө эле жакты себеби бардык шарты жакшы ынгайлуу ичи таза, тыкан»-дейт Саламалик Аким уулу.

Даярдаган:Дилнура Абдиламит кызы.

Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка. АК