Ноокат районун Көтөрмө айылында «Элболсун»деген ашкана ачылды.Бул ашкана жеке-менчик катары.
Ашкана жетекчиси Тынчтыкбек Рахимбердиевдин айтымында»бул ашкананы элге кызмвт кылуу учун ачтык.Мен бул ашкананы ачканыма аз эле болду жана кардарлардан эч кандай арыз доомат түшө элек «-дейт Тынчтыкбек Рахимбердиев.

Бул ашкананын бардык шарттары бар жана таза,тыкан.Ичинде 1 кызматчысы бар.Тамактары:манты,пельмен,самса.Самсанын баасы 50 жана 70 сомдон турат.Бардык тамак-аш өз баасына жараша сапаттуу жана даамдуу.

Көтөрмө айылынын тургуну Карамат Орозованын айтымында»мен бул ашканадан дайым тамактанам,тамактары жакшы,сапаттуу жана шарттары жакшы ынгайлуу.Стол,стулдары да жаны дайым таза турат «-дейт Карамат Орозова.
Көтөрмө айылынын тургуну Хадича Абибилла кызынын айтымында»ашкананын ичи жакшы мага жакты,баары ойдогудай.Ашкананын ачылганына мен ябай кубанычтамын ,анткени тамагы ширин жана даамдуу»-дейт Хадича Абибилла кызы.
Даярдаган:Дилнура Абдиламит кызы.
Клооптун журналистика мектебине сынакка.АК