Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде 16-апрель күнү «Алиппе» майрамы болду. Бул күндү окуучулар чыдамсыздык менен күтүшкөн эле.

Бул күн 1-а жана 1-б класстары үчүн эсте калаарлык күн болду. Анткени ушул кезге чейин окуп, жаттаган нерселеринин баарын чоң зал ичинде окуучуларга жана ата-энелерге айтып беришти.

1-б классынын жетекчиси Бегайым Досмуратованын айтымында «биз бул күндү аябай күттүк жана катуу даярдандык. Окуучулар жана мен үчүн эсте калаарлык күн болду»-дейт Бегайым Досмуратова.

1-классынын окуучусу Нурпери Абдурасулованын айтымында: «мага бул майрам абдан жакты. Бийге түштүм жана ырларымды айттым»-дейт Нурпери Абдурасулова.
Бул күнү окуучулар ата-энелерге өзүнүн өнөрлөрүн, таланттарын жана окуп үйрөнгөн билимдерин көрсөтүштү.

1-а классынын жетекчиси Уулкан Маткасымованын айтымында: «бүгүнкү майрамга мен өтө элеыраазымын, анткени ушул кезге чейин берген билимимди текке кетирбей,баарын ойдогудай жасашты»-дейт Уулкан Маткасымова.

Ата-эне Курбан Султанованын айтымында: «алиппе майрам жакшы деңгээлде болуп өттү. Өтө катуу даярданышыптыр. Адамды канааттандырды»-дейт Курбан Султанова.
Бул майрамга ата-энелердин баары келишти. Камера жана музыка да болуп, окуучулардын өнөрүн, шыгын андан бетер жогорулатты.
Даярдаган:Дилнура Абдиламит кызы.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.АК