“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Айылындагы таштанды терс таасирин тийгизүүдө

20 Апрель 2016 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны: 182

Ноокат районунун Куу-Майдан айлындагы таштанды төгүүчү жай эл жашаган жерге жакын жайгашкандыктан ыңгайсыздык жаралууда. Таштандыдан өлгөн жаныбарлардын денесин көрүүгө да болот.

20160420_110406

Таштандынын өзү эле эмес, анын жыты да тургундарга терс таасирин тийгизип жатканын айтышат. Жаш балдар таштандыдан ар кандай буюмдарды таап чыгып,  ойноп жатышат. Ата-энелер балдарынын ооруп калуусунан чочулашат.

20160420_110323

Куу-Майдан айылынын тургуну Орозгүл Асамидинованын айтымында, таштандыны чоң эле адамдар ыргытат, аны болсо жаш балдар барып алып ойнойт.

«Ооруну өзүбүзгө өзүбүз тилейбиз, кылабыз. Ошошну нарагыраак алып барып төксө болот. Мындай нерселер уят да», — дейт Асамидинова.

20160420_105911

Даярдаган: Нуриза Калил кызы

Клооптун журналитика мектебине катышуу үчүн сынакка