“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылында жаан чачындан улам сел жүрдү

20 Апрель 2016 жыл 13:15
Көрүүлөрдүн саны: 140

Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мөндүр аралаш жаан чачындан улам сел жүрдү. Жабыр тарткандар жок.

Куу-Майданда 18-апрель күнү мөндүр аралаш жаандан улам улуу сел журду.

IMG_20160418_165531

Айттырбай келген селден тургундардын арасынан жабыр тарткан жок. Бирок жер-жемиштерге кесепетин тийгизди.

IMG_20160418_165743

Улам келген селден айынан бул жар күн сайын кеңейип келүүдө. Бул жар убагында кичине эле болгон.

IMG_20160418_165759

Куу-Майдан айылынын тургуну Бубира Урайимова «эң жакшысы зыян келтирбеди, жер-жемиштерге бир аз кесепетин тийгизди» деди.

IMG_20160418_165625

Даярдаган: Нуриза Калил кызы

Клооптун журналистика м ектебине катышуу учун сынакка. АК