Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында цемент сатуучу жай ачылды. Бул жайдын ачылганына эл ыраазы.
Бул жай Алтынбек Сулайманов тарабынан ачылган. Жаңы-Базар айылынын эли бул жердин ачылганына өтө эле кубанычта.Анткени цемент керек болгон маалда ушул жерге келип алып кетишип өз жумуштарын бүтүрүшүүдө.

Сатуучу Азамат Алтынбековдун айтымында:»бул жайдын ачылганына аз эле убакыт болсода кардарлар үзүлбөй дайым келишүүдө.Соода жакшы эле болууда ,ушунчалыгына шүгүр»-дейт Азамат Алтынбеков.

Негизинен 1 кап цементтин баасы 275 сом жана 50 килограмм.1 килограмм 5,5 сомдон туура келет.Кардарлар орто эсеп менен күнүнө 10 дон ашуун келет жана 30миңге жакын киреше таба алат.

Кардары Мирлан Сатаровдун айтымында:» бул жайдын ачылганы бизге пайда болду,анткени мурун Ноокат районунан атайын убара болуп алып келчүүбүз,азыр эми ушул эле жерден алып иштерибизди бүтүрүүдөбүз»-дейт Мирлан Сатаров.
Даярдаган:Дилнура Абдиламит кызы.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка АК