Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында самсакана ачылды. Иштеп баштаганына аз убакыт болсо да кардарлары көп.

Самсакананын баардык шарттары түзүлгөн. Ичинде жалпы үч кызматчысы бар. Алардын айлык акысы иштегенине жараша төлөнөт.

Тамактардан болсо лагман, курут, шорпо, шашлык, самса. Тамак-аш өз баасына жараша сапаттуу жана даамдуу. Иштөө убактысы саат 8:00дөн 18:00гө чейин.
Жетекчиси Гүлзамира Ташматова күнүнө 70-80 самса жабылаарын айтат.
Самсакананын ээси Гүлзамира Ташматова «Өзүбүзгө караганда элге көбүрөөк пайда болуп жатат. Элдер ыраазы болуп жатат,»-дейт.
Даярдаган: Айчүрөк Куватали кызы
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.АК