Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Улуу Жеңиштин 71жылдыгына карата концерттик программаларын тарттуулап өтүштү.


Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 71жыл. Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары да жеңишти утурлай эле айылыбыздын ардагери болгон Тургунбай Рысбаевди куттуктап өтүштү.

Мындайын сырткары атайын тылдагы күжүрмөн эмгектин ардагерлери ошондой эле бириккен уюмга мүчө балдар келишип куттуктап кетишти.»Уюштуруучуларга чоң рахмат. Мектеп окуучулары ушундай көркүн ачып жакшы мааракени уюштурушуптур биз бул мектеп окуучулары менен сыймыктанабыз. Бизда ушул мектепти окуп кеткенбиз . Биз Тургунбай Рысбаев менен кичинебизден эле таанышбыз Тургунбай атабыз согушка барганы жөнүндө айтып берген. Бүгүн да айтып кандуу согушту эскерип олтурат. Согуш болбосун эч кайталанбасын»-деп өз сөзүн билдирди Марат Миталов.

Тургунбай Рысбаевди мектеп окуучулары короонун алдынан шаңдуу маанайда тосуп алышты. «Атам бизге ар дайым согуш жөүндө айтып берет. Кыйынчылыктарын, ачкачылыктарын, сууктарды айтып берет.17 жашында согушка кеткен экен. Мамлекеттен жөлөк акчалар берилип турат Кудайга шүгүр.» — деп өз сөзүн билдирди согуш ардагеринин уулу Маматираим Рысбаев.


Ал эми келген коноктор Жапар Нышанов орто мектебинин 8-классы тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө болушту. Мектеп окуучусу «Тургунбай Рысбаевди куттуктап концерт коюп бердик. Согушка барып келген аталарыбызга биз абдан раазыбыз бизди ушундай тынчтык күнгө алып келгенине. Эч качан өлкөбүздө согуш болбосун»-дейт өз сөзүндө Эьвира Садиржан кызы.


Даярдаган:Турсунай Толубаева.
Сынакка.