Ноокат районунун Кара-Кой айылындагы апа 3 инвалид балдары менен өтө оор абалда 8 жылдан бери өзү жалгыз жашайт. Ачка калган күндөрү картошка бышырып жеген күндөрү да болгон.

Зымырат Орунбаева 8 жылдан бери өзү жалгыз 3 инвалид баласы менен жашайт. Эки уул бир кызы бар. Жашоосу өтө эле оор абалда. Туугандарынан эч кандай жардам болбогонун айтат.

Зымырат Орунбаева «Мен 8 жылдан бери 3 балам менен жашайм. Балдарымдын эч кандай билими жок. Аттарында жаза алышбайт. Күйөөмдүн көзү өткөнүнө быйыл 8 жыл болду. Нан таппай картошканы сууга бышырып жеген күндөр өтө эле көп көп болот. Кайненем мени кезинде абдан кыйнаган. Балдарымды мектепке берейн десем сен жиндинин балдары окуй алчу беле жиндинини балдары да жинди болот деп балдарымды мектепке жөнөтбөй койгон. Күүйөөм да уруп жүрүп көзү өттүп кетти. Пенсиядан башка эч нерсебиз жок кээде ач кээде ток болуп жүрө беребиз» дейт Зымырат Орунбаева.


Зымырат Орунбаевага кошуналары да аз да болсо жардамдарын берип турушат. «Биз да колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Быйыл кызы менен чоң уулун группага чыгарып бердик. Анча-мынча башка жактардан дагы жардамдар болуп турат. Орозонун аягында колунда барлар акча берип турушат. Озү эч нерсе кыла албайт пенсиясиясында ала албайт биз алып продукта кылып беребиз» деп билдирди коңшулары.

Даярдаган:Толубаева Турсунай
Сынакка