“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан айылынын 74 жаштагы чыгаан комузчусу Коргонбай Алимбаев

12 Май 2016 жыл 18:49
Көрүүлөрдүн саны: 167

Куу-Майдан айылынын тургуну Алимбаев Коргонбай 55 жылдан комуз чертип келет. Анын талантын көп элдер билет жана үйрөнгөнү келип турушат.

20160508_180000

Коргонбай ава бир гана комузда эле эмес ар түркүн кыргыздын аспаптарында ойной алат.Ал өз өнөрүн уул кыздарына небере туугандарына айылдаштарына үйрөтүп келүүдө.

20160508_180100

Коргонбай аванын жолун жолдоп неберелери да комуз,кылкыяк ар  түркүн кыргыздын  аспаптарында ойноп келет. Ал комузду жалан гана илгерки күүлөр менен чертет.

20160508_180142

Небереси Анарбек Кадыр уулунун айтымында»Мен азыркы убакта кылкыяк чертем бул өнөрүм үчүн чоң атама чон рахмат айтам деп билдирди-» ,Анарбек Кадыр уулу.

20160508_181442

Коргонбай Алимбаев  аванын айтымында»Мен биринчи комузду Фрунзе азыркы Бишкекте окуп жүргөндө таластык достор бар болчу ошолор үйрөтүп ошондон бери комуз чертип келем, илгери азыркыдай комуздар жок болчу бир кыл эки кыл менен чертчүүчүбүз азыр болсо жаны комуздар чыгып калды жаны комуздар менен чертебиз- «,дейт Коргонбай Алимбаев.

Даярдаган:Хусейн Курсантбек уулу, Азиретали Айдарали уулу

Сынакка