“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан: Көчөлөрдө жарыктын жоктугу тууралуу айыл өкмөтү эмне дейт?

12 Май 2016 жыл 12:57
Көрүүлөрдүн саны: 120

«Биздин биринчи эле көйгөйүбүз жарык масалеси, айылдардын көчөлөрүндө жарык жок, кечинде балдарыбызды магазинге жөнөтүштөн деле коркобуз жыгылып бир нерсе болуп калабы деп» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу өкмөт башчы Калмамат Кудайбердиев менен маек курдук.

Саламатсызбы, биз Куу-Майдан айылында, айылдын маселелери тууралуу анкета толтуртуп сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Сырамжылоого ылайык, тургундардын көбү көчө жарыгын айтышты. Эмнеге көчөлөргө жарык жок?

— Быйыл азыр уч айылдагы кочолорго жарыктар жок былтыр бир кочону жарыктаганбыз бул эми биринчиден каражаттын жетишсиздигинен болуп жатат.

Көчөлөргө жарык коюуга пландар барбы?

— Пландар бар, эки көчөнү планга киргиздик быйыл. Сексияда карап, акчасын карап, мына быйыл беребиз эми.

Эгер бирөө кечке маал көчөдө баратса яма болсо, ямага түшүп кетип инвалид болуп калса ага ким жооп берет?

— Андай чукур болгон жерлер жок эми, кудай сактасын деп эле турабыз. Каражатыбыз болбой эң негизгиси датасы жок кыйналып жатабыз.

Тургундардын айтымы боюнча мурда жарык болгон экен алар эмне болду?

— Ал 30-40 жыл мурун коюлган бүт жараксыз болду. Анан ал бир жерге туташтырылат эле, азыр эми райондук электр станция(РЭС) тексловия бербейт ошон үчүн ар бир уйдун озу менен эле контрак түзүп жатабыз. Түзсөк анан тексловия берет.

Аракет кылып көрдүңөрбү?

— Аракет кылып көрдүк бир жарым айылды буттук. Эми 2 айылды быйыл бүтөбүз буйруса Арбын менен Куу-Майданды бүтүрөбүз анан Шаңколду, Шаңколдун балдары потент менен демилге көтөрүп жатышат биринчи ал бүтүп калышы да мүмүн.

Эми көчөгө жарыктар коюлабы? жана качан коюлат?

— Байыш айылына коюлган. Арбын, Куу-Майдан, Шаңкол айылдарына июндун аягына чейин коюлуп бүтөт.

Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы