
Кеңеш-Нуру жамааттык мультимедия борборунун ыктыярчылары айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөндө, сугат маселеси боюнча көптөгөн маселелер бар экенин айтышты. Биз бул тууралуу Куу-Майдан айылынын башчысы Абдүрөшүт Кадырбердиев менен маек курдук.
Сугат боюнча жайында өтө көп көйгөйлөр болот. Суу чыкпаган жерлерге сууну кантип чыгаруу керек?
Негизинен ички арыктарды тазалоо керек. Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн арыктагы жерлерди жерине жараша график түзүү керек.
Мурдагы чыр чатактарды кантип чечүүгө болот?
Ал чыр чатактарды мыйзам чегинде чечүү керек.Эгер мыйзам чегинде аткарышпаса жаза колдонуу керек.
Элдин сунушу болду беле?
Ооба сунуштар көп эле болуп жатат.Элден да сунуштар түштү.
Пландар барбы?
Ооба албетте бар.Буйруса быйылкы жылга пландарды койдук.Көйгөйлөрдү чечебиз.

Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Сынакка