
Кеңеш-Нуру жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылар тобу айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөндө, аялдама маселеси боюнча көйгөйлөр бар экенин айтышкан. Биз бул тууралуу Н.Исанов айыл өкмөтүнүн орун басары Маткалыков Үсөн Орозбекович менен маек курдук.
Ары-бери өткөн тургундар үчүн такси же маршрутка күтүү айрыкча кыш же жай мезгилдеринде кыйынчылык жаратат, бул тууралуу эмне дейсиз?
Айылдарда негизинен аялдамалар бар, бирок алар союз мезгилинде курулгандыктан, азыркы убакта ал жерде маршрутка күтүү кыйын болуп жатат. Буйруса алардыда оңдойбуз.
Аялдамаларда отургучтар жок экен, качан жаңы аялдама курасыздар?
Мурун бар болчу, азыр эми көп жылдардан бери туруп сынып калган. Эми жаңы курганда бардык шарттары менен курабыз.
Куруу ишин качан баштайсыздар?
Азыр андан башка эл керегине жараган жумуштарды аткарып жатабыз. 2 жерге фап курулуп атат, алар бүтсө буйруса кийинки жылдан баштайбыз.
Аялдама боюнча дагы кандай пландарыңыздар бар?
Жаңыдан салып баштаганда отургучтарын жакшы деңгээлде, заманбап катары жана сапаттуу куруп, бардык шарттары менен салалы деген жакшы пландар бар.
Даярдаган:Дилнура Абдиламит кызы
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка АК