Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде бугун 27-май акыркы конгуроо салтанаты болду. Бутуруучу класстардын алтын уядан учуп кетээр кези да келип жетти.

Бугунку куну бутуруучулор оздорунун экинчи уйу болгон мектептеринен узап жатып, коздоруно жаш алышып, мектептен эч эле кеткилери келбегенсиди. Баары жакшы отту, оюн, бий, ыр ырдалып салтанатты озунчу бир шанга болоп турду.

Мугалим Айтигул Абдубалиеванын айтымында:»бутуруучу окуучуларга чон-чон ийгиликтерди каалайм, коптогони ийгиликтерге жетишип, мыкты келечекте элибизге жараган чыгаан инсандардан болушсун»-деп оз тилегин айтты.

Бул салтанатка бардык класстар катышышты жана оздорунун онорлорун белек катары бутуруучулоргр тартуулашты. Ошону менен бирге мектеп босогосун жаныдан гана атташкан 1-класстын окуучулары да каалоолорун айтышып, «Кара Жорго»ырына бийлеп беришти. 
Окуучу Айдана Бектемир кызынын айтымында:» салтанат жакшы денгээлде болду. Мындан аары ЖОЖ го тапшырышып коптогон жакшы нерселерге жетишишин кааламакчымын»-дейт оз созундо Айдана Бектемир кызы.

Окуучуларды ардак грамота менен сыйлашышты. «Мыкты окуучу», «мыкты спортчу», «улгулуу журуш-турушу»-деген наамдар менен сыйлашышты жана мугалимдергеда «жылдын мыкты мугалими»-деген наам ыйгарышты.

Бутуруучу Элнура Рысбек кызынын айтымында»11 жыл учкан куштай эле отуп кетти. Мектептен эч эле кетким келбей жатат. Бутуп жатканыма кубанычта эмесмин, анткени мектебим 2-уйум, мугалимдерим 2-ата-энем болуп калган болчу. Убакыт деген ушул да Ак Жол силерге бутуруучулор»-дейт Элнура Рысбек кызы.

Даярдаган:Дилнура Абдиламит кызы.
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка АК.