“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Куу-Майдан:Ж.Нышанов окуучулары жайкы каникулда

4 Июль 2016 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны: 124

Куу-Майдан айылынын окуучулары жайкы каникулду ар жактарда өткөрүп жатышат. Айылда калган окуучулар көбүнчөсү эле бассейнде өткөрүп жатат.

20160629_150440

Жайкы эс алуу көңүлдөгүдөй өтүп жатат.Жылдагыга салыштырмалуу жакшы өтүүдө.Анткени мурун бассейн жок болгонуна байланыштуу зээригип калышат эле, азыр балдардын маанайы ачык .

20160629_151712

Айыл тургуну Мырзаш кызы Нурзаданын айтымында» Балдар үчүн бассейндин курулганы бир жагынан жакшы болду анткени ыссыкта ойногону да чыга албай үйдө эле жатып калган эле азыр эми ыссыкта бассейнге түшкөн аябай жакшы болот»,-деп айтты Мырзаш кызы Нурзада.

20160629_151034

Окуучу Кубанычбек кызы Нуриданын айтымында»Жайкы каникул жылдагыдай эле өтүп жатат бирок эч кандай нааразычылык деле жок,мен жайкы каникулду жылда  айылда эле айылда тосом «,-деп билдирди Кубанычбек кызы.

20160629_144441

Даяардаган:Нурдун кызы Гүлнура

сынакка Х.К